Зыян 775 миң сом. Ошто кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган айыл башчысы кармалды
Кара-Кулжада кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип мамлекеттик кызматкер кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Кара-Кулжа районунун Алайку айыл өкмөтүндө 2022-2023-жылдар аралыгында аткарган ишмердүүлүгүнө карата текшерүү жүргүзүлүп, бир катар кемчиликтер аныкталган.
Топтолгон материалдардын негизинде райондук прокуратура тарабынан 2025-жылдын 13-августта КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголуп, РИИБ тарабынан ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагынын башчысы 1972-жылы туулган Э.Б. аттуу жаран кармалган. Ошондой эле курулуш иштерин жүргүзгөн ЖЧКнын жетекчиси 1995-жылы туулган А.Э., шектүү катары кармалган. Экөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 774 миң 900 сомду түзөт.
Учурда шектүүлөрдун башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.
