
Акылбек Жапаров иш сапары менен Арменияга барат
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Ереван шаарына (Армения Республикасы) барат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат, ошондой эле Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары бир катар жолугушуулар пландалууда.
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин катышат.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине 20дан ашык маселе киргизилген.