"Тазалык" жумушчуларды издейт – маянасы 65 миң сомго чейин
19 сентябрь

"Тазалык" жумушчуларды издейт – маянасы 65 миң сомго чейин

«Тазалык» муниципалдык ишканасы жүктөгүч, айдоочу, тазалоочу жана ар кандай жумушчуларды издейт.

Мэриядан билдиришкендей, катуу таштандыларды жүктөө жана чыгаруу менен алектенген кызматкерлер аткарган ишине жараша 40 миң сомдон 65 миң сомго чейин айлык алышат.

Ал эми айдоочу, тазалоочулу, жүктөгүчтөрдүн айлыгы 38 миң сомдон 43 миң сомго чейин.

Талапкерлер толук маалымат алуу үчүн Бишкек шаары, Ростовская көчөсү, 19б жана Ала-Арчинская, 74а дарегине кайрылса болот.