Эль-Кувейтте кыргыз-кувейт ТИМдеринин ортосундагы IV саясий консультациялары болуп өттү
24 сентябрь

Эль-Кувейтте кыргыз-кувейт ТИМдеринин ортосундагы IV саясий консультациялары болуп өттү

Эль-Кувейт шаарында сентябрда кыргыз-кувейт Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы төртүнчү саясий консультациялары тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Темирбек Эркинов жана Самих Иса Жаухар Хаяттын деңгээлинде болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Кеңешмелердин жүрүшүндө тараптар өз ара саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын учурдагы абалын, ошондой эле эки тараптуу жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну талкуулашты.

Делегациялар мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты жандандыруу, ошондой эле эки өлкө ортосундагы келишим-укуктук базаны кеңейтүү маселелеринде бир пикирге келишти.

Ошондой эле, кеңешмелердин алкагында актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу орундалды.

Тараптар регионалдык коопсуздук жана туруктуулукту бекемдөөгө болгон өз ара кызыгуусун белгилешип, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешти. Тараптар БУУ, Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү менен тыгыз кызматташууну улантуу жөнүндө макулдашышты.