Ар бир үчүнчү бала жакырчылык шартында жашайт. Эмгек министрлиги «Бала ырысы» жөлөк пулу тууралуу
17 июнь

Ар бир үчүнчү бала жакырчылык шартында жашайт. Эмгек министрлиги «Бала ырысы» жөлөк пулу тууралуу

Кыргызстанда жаңы мамлекеттик «Бала ырысы» жөлөк пулунун киргизилишинин негизги себептеринин бири балдар арасындагы жакырчылыктын жогорку деңгээли болду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоковдун айтымында, Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө балдар арасындагы жакырчылыктын деңгээли болжол менен 33% түзөт.

«Ар бир үчүнчү бала жакырчылык шартында жашайт», — деди ал.

Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, 0 жаштан 3 жашка чейинки балдардын арасында жакырчылыктын деңгээли мындан да жогору болуп, болжол менен 38%ды түзөт.

Министрликтин бөлүм башчысы Аида Ажиходжоева белгилегендей, баланын жашоосундагы алгачкы үч жыл анын мындан аркы өнүгүүсү үчүн өзгөчө мааниге ээ.

«Үч жашка чейин баланын ден соолугунун жана өнүгүүсүнүн пайдубалы түптөлөт. Дал ушул себептен улам мындай колдоо чарасы киргизилди», — деди ал.

Министрликтин эсебинде, жаңы жөлөк пулду өлкө боюнча 440 миңден 470 миңге чейин бала ала алат.