Венгриянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет
19 сентябрь

Венгриянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто Кыргызстанга расмий сапары менен келет. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Сиярто Кыргызстанга тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 19-сентябрда келет.

Сапардын жүрүшүндө Кыргыз-Венгер Стратегиялык кеңешинин төртүнчү жыйынын өткөрүү пландаштырылууда, анда эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу жана экономикалык кызматташтыгы кеңири талкууланат.