www
20 апрель
Кыргызстан боюнча 50 чакан ГЭС курулуп жатат — президент
Кыргызстан боюнча 50 чакан ГЭС курулуп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 20-апрелде Чүй облусунун Сокулук районундагы “Сокулук” жана “Туюк” чакан ГЭСтерин ишке киргизүү аземинде билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, 2026-жылдын иш-планында алардын 13үн куруп, ишке киргизүү мерчемделген.
"Бул аймактардагы электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртып, жаңы жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтөт”, – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Президент энергиянын кайра жаралуучу булактарын кеңири пайдалануу аркылуу Кыргызстан эл аралык экологиялык милдеттенмелерин аткарууга жана “жашыл өнүгүү” саясатын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк аларын кошумчалады.
