
Светлана Аширова Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды
Светлана (Асланайым) Аширова Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп дайындалды, деп билдирет Маданият министрлигинин басма сөз кызматы.
Жамаатка жаңы директорду маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов тааныштырды.
Ал эми цирктин мурдагы директору Рыскул Боромбаев башка кызматка кетип жаткандыгына байланыштуу, өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.
Белгилей кетсек, Светлана (Асланайым) Аширова бүгүнкү күнгө чейин аталган циркте көркөм жетекчи кызматында эмгектенип келген.