www
20 апрель
Бишкектин айрым аймактарында 22-апрелде таза суу жок болот
Бишкектин айрым аймактарында 22-апрелде саат 09:00дөн 21:00гө чейин таза суу жок болот, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Өчүрүлө турган аймактар: Тунгуч кичи району, Рухий Мурас, 44 Га, Кырман, 50 Га конуштары.
Өчүрүү «Сельский» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдарды, ошондой эле калкты алдын ала ичүүчү суу камдап алууну өтүнөт.
\
