www
25 май
Муфтият: Бишкекте айт намазы эски аянтта окулат
Бишкекте 27-майда айт намазы Т. Усубалиев атындагы эски аянтта окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан эске салышты.
Айт намазын өткөрүүнүн тартиби жана программасы:
- 06:30 – 07:00 – Куран окуу жана баяндамалар;
- 07:00 – 07:25 – Куттуктоо жана Курман айттын пазылеттери;
- 07:25 – 07:30 – Айт намазын окуунун тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
- 07:30 – Айт намазын окуу жана дуба кылуу.
