Москва районунда жакынкы күндөрү 9 социалдык объектте курулуш, капиталдык оңдоо жана мурда токтотулган иштерди улантуу башталат
Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов иш сапарынын алкагында Москва районунун Крупское, Садовое, Беловодское, Кыз-Моло, Спартак, Петровка жана Кепер-Арык айылдарындагы социалдык объекттердин абалы менен таанышты.
Көңүл борборунда мектептер, бала бакчалар жана айылдык маданият үйлөрү болду. Алардын айрымдары капиталдык оңдоого муктаж болсо, кээ бир объекттердин курулушу мурда токтотулган.
Капиталдык оңдоо жүргүзүү, жаңы объекттерди куруу жана мурда токтотулган иштерди улантуу боюнча чечимдер буга чейин кабыл алынган. Учурда уюштуруу иштери аяктап, жакынкы күндөрү курулуш иштери башталат.
Долбоорлорду ишке ашыруу балдардын билим алуусу үчүн заманбап жана коопсуз шарттарды түзүүгө, тургундар үчүн сапаттуу инфраструктураны камсыздоого жана Москва районунун калктуу конуштарынын өнүгүүсүнө жаңы дем берүүгө багытталган.
Иштердин жүрүшү туруктуу көзөмөлдө турат.
