КР Саламаттык сактоо министри балдарга көрсөтүлүүчү стоматологиялык жардамдын сапаты менен таанышты
23 август

КР Саламаттык сактоо министри балдарга көрсөтүлүүчү стоматологиялык жардамдын сапаты менен таанышты

Айрыкча жаңы окуу жылынын алдында кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жана тиш дарылоо үчүн түзүлгөн кезектер маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Министр Бишкек жана Ош шаарларында эки адистештирилген балдардын стоматологиялык клиникасы иштеп баштаарын, бул балдарга стоматологиялык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга көмөктөшөөрүн белгиледи. Ошол эле учурда ал көптөгөн ата-энелер балдарын окуу жылы башталарына жакын алып келишинен, кезек күтүүлөр көбөйүшү мүмкүн экенин жана бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылуу керектигин белгиледи.

«Биз ата-энелердин тынчсыздануусун түшүнөбүз жана ар бир бала өз убагында жана сапаттуу дарылануусу үчүн тиш дарылоо системасын жакшыртуунун үстүндө жигердүү иштеп жатабыз. Ошондой эле стоматологиялык бейтапканалардын тармагын кеңейтүү үчүн ылайыктуу жайларды караштырабыз, бул өз кезегинде иштеп жаткан мекемелердин түйшүгүн азайтышы керек», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.