Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунун ачылды
23 август

Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунун ачылды

№6 жаңы линиялык чыкма бекетчесинин имараты косметикалык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, керектүү эмеректер жана жабдуулар сатылып алынды, бул медициналык кызматкерлердин ыңгайлуу шартта иштөөсүнө жана Аламүдүн районунун борбор калаага кошулган конуштарынын тургундарынын кайрылууларына ыкчам жооп берүүгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Чүй облустук ооруканасын шаардын чыгыш бөлүгүндөгү калкты тейлей турган Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына профилдештирүүнү пландаштырууда, бул күнү-түнү ыкчам адистештирилген медициналык жардамга муктаж оорулууларды жана жаракат алгандарды ооруканага жаткыруу убактысын бир топ кыскартат.

Мындан тышкары, КР Саламаттыкты сактоо министрлиги шаардын түштүк-батыш жана түндүк-батыш аймактарын тейлейт турган эки линиялык чыкма бекетчени этап-этабы менен ачууну пландаштырууда.