Сүлүктүдөгү мурдагы нан заводу мамлекеттин балансына кайтарылды
12 сентябрь

Сүлүктүдөгү мурдагы нан заводу мамлекеттин балансына кайтарылды

КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Сүлүктү шаарынын мурдагы нан заводу мамлекеттин балансына кайтарылды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган нан заводу 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жер кодексин бузуу менен ачык аукцион аркылуу жеке менчикке берилгени аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Сүлүктү шаарында жайгашкан 0.32 га аянты бар заводдун аймагы ыктыярдуу түрдө Сүлүктү шаарынын мэриясынын балансына кайра каттоодон өткөн.