
Жети айда жеке ассистенттерге 763 млн сом төлөндү
Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 93 миллионго көп.
Министрлик 1-августка карата республика боюнча 14 513 жеке ассистент бар экенин билдирет (өткөн жылы 13 468 болгон).
2024-жылдын 1-июлунан тартып жеке ассистенттердин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн айына 7681 сом өлчөмүндө төлөм белгиленген. Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айынан тарта жеке ассистенттер патент алуудан бошотулуп, бирок камсыздандыруу полистерин алуу зарылчылыгы калды.