Камчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов үй камагына чыкты
20 апрель

Камчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов үй камагына чыкты

Бишкектин Биринчи май райондук соту массалык башаламандыкка айыпталып жаткан Нургазы Анаркуловго карата баш коргоо чарасын өзгөрттү.

Соттун маалыматына ылайык, 7-апрелде тергөөчү баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч менен кайрылып, ал канааттандырылган. Натыйжада Анаркулов СИЗОдон бошотулуп, 10-июнга чейин үй камагына чыгарылды.

Маалыматка ылайык, мындай чечим коргоо тарабынын өтүнүчү, ошондой эле айыпталуучунун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылуусу эске алынып кабыл алынган.

Нургазы Анаркулов массалык башаламандыктар ишинин фигуранты болуп саналат. Ошондой эле ал “75 аксакалдын каты” деп аталган материалдарда жана “Кыргызнефтегаз” ишине байланыштуу да аталат.

Ал буга чейин 17-февралда Кыргызстанга Казакстан менен чектешкен чек арадан кирип келе жатканда кармалган. 2026-жылдын февраль айында сот аны эки айга СИЗОго камоо тууралуу чечим чыгарган.

Ошондой эле 2021-жылы Анаркулов пара талап кылууга шектелип кылмыш жоопкерчилигине тартылып, андан кийин мамлекеттик кызматтан бошотулганы белгиленет. Учурда бул иш боюнча тергөө уланууда.