Кыргызстандагы чоң кишилердин 56 пайызы ашыкча салмактан жабыркайт
17 июнь

Кыргызстандагы чоң кишилердин 56 пайызы ашыкча салмактан жабыркайт

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлнара Батырова өлкөдөгү курамында кант кошулган суусундуктарга салык салуу моделин өзгөртүүнү сунуштады. 

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда жумуштуу эмес оорулар: кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары, онкологиялык дарттар көбөйүүдө жана анын келип чыгышына себепкер болгон факторлордун бири – канттын ашыкча колдонулушу. 

Депутат бул жаатта айрыкча, таттуу суусундуктар башкы ролду ойноп жатканын белгиледи. 

“2024-жылдагы маалыматтар боюнча, өлкөдө 31 700 өлүм катталган, анын 16 600ү кан айлануу системасынын бузулганынан, 4 000и жаңы пайда болгон шишиктерден, 2 000ге жакыны дем алуу жана тамак сиңирүү ооруларынан. 2 100ү табигый эмес себептерден. Ошентип, жугуштуу эмес оорулар өлкөдөгү өлүмдөрдүн негизги себептеринин бири бойдон калууда. Жугуштуу эмес ооруларды кантты ашыкча пайдалануу чакырат. Кант кошулган суусундуктар ден соолукка олуттуу терс таасирин тийгизет жана анда азыктык баалуулук жок. Учурда кант кошулган энергетикалык суусундуктар жаштар жана өспүрүмдөр арасында популярдуу болууда”, – деди депутат. 

Ал белгилегендей, жугуштуу эмес оорулардын көбөйүшү өлкө экономикасына да зыянын тийгизүүдө. Мисалы, аларды дарылоого 28,8 миллиард сом кетет же ИДПнын 4,8 пайызын түзөт. Кыргызстандагы чоң кишилердин 56 пайызы ашыкча салмактан жабыркайт. А балдардын 13 пайызында семирүү бар. Чоңдор арасындагы кант диабети 5,9 пайызга жетти, башкача айтканда 85 миңден ашуун бейтап катталган. Эл аралык диабет федерациясынын баалоосу боюнча, иш жүзүндө 260 миңден ашат жана 2050-жылга чейин 400 миңден ашат деген божомол бар. Кыргызстанда 40 жаштан ашкан ар бир онунчу адамдын канында глюкозанын деңгээли жогору. 

Мындан улам депутат аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн кант кошулган суусундуктарга салынчу салыктын көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады. Айтымында, бул эл аралык тажрыйбада колдонулган жана жакшы натыйжаларын берген. 

“Кант кошулган суусундуктардын баасы жогоруласа, аны керектөөнү азайтат, бул эл аралык тажрыйбадан көрүнөт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кант кошулган суусундуктарга салык киргизүүнү сунуштайт, анда анын чекене баасы 20 пайызга жогорулайт. Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуунун эң натыйжалуу жолу ушул. А Кыргызстанда бүгүнкү күндө мындай суусундуктарды өндүрүүчүлөргө салынган салык керектөө деңгээлине олуттуу таасир эте албайт. Таасир этиши үчүн продукциянын 100 миллиграммындагы канттын граммдык курамына негизделген диференцияланган салык салуу моделин киргизүү керек. Аны менен суусундуктарга болгон баа 10 пайызга жогорулайт дагы, бул сатып алууларды 16 пайызга кыскартат. Салык продукциядагы канттын көлөмүнө жараша салынгандыктан, өндүрүүчүлөр кантты аз кошууга аракеттенип башташат. Анткени, аз кант кошулса, аз салык төлөшөт”, – деди Гүлнара Батырова.