Кара-Суу районунда автоунаага байланыштуу алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
2026-жылдын 11-март күнү Кара-Суу РИИБге 1985-жылы туулган, Ж.П. аттуу жаран, арыз менен кайрылган. Арызында ал 2025-жылдын 16-сентябрында А.С. аттуу жаран, анын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен анын “Шевролет Трекер” үлгүсүндөгү автоунаасын 9000 (тогуз миң) АКШ долларга алып, акчасын үч айдын ичинде беремин-деп, ушул күнгө чейин бербей жүргөнүн билдирген.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
2026-жылдын 11-май күнү тергөө амалдарынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1976-жылы туулган А.С. аттуу шектүү Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кармалган жаран башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.
Тергөө иштери улантылууда.
