КР ТИМ мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн семинар өткөрдү
Эл аралык ишмердүүлүктө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү максатында, 2025-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү үчүн жаңыланган «Дипломатиялык кызмат» автоматташтырылган маалымат тутумунда иштөө боюнча окутуу семинарын өткөрдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө мыйзамын аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын базасында уюштурулду.
Семинардын жүрүшүндө ТИМдин жана «Кызмат» мекемесинин өкүлдөрү аталган мыйзамдын нормаларын сактоонун зарылдыгын жана маанилүүлүгүн белгилеп, тышкы саясат ведомствосу менен башка мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосундагы координацияны жана өз ара аракеттенүүнү оптималдаштыруу үчүн түзүлгөн «Дипломатиялык кызмат» АИТинде иштөө боюнча толук нускама беришти.
Семинарда пикир алмашуу болуп, суроо-жооп сессиясы өттү.
Иш-чарага өлкөнүн мамлекеттик органдарынан 60 ашуун кызматкер катышты. ТИМ министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин компетенцияларын жогорулатуу максатында мындай окутуу курстарын үзгүлтүксүз өткөрүп турат.
