КР ӨКМ
5 март
Өзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт жаш бала каза болду
Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Арык айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо тууралуу кабар 5-мартка караган түнү түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө Өзгөн районунан эки өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, тилсиз жоо саат 03:50дө толук өчүрүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен 2018, 2020, 2021 жана 2023-жылы төрөлгөн төрт бала каза болгону айтылды.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Тиешелүү кызматтар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
