Коррупцияны кабыл алуу индексинде Кыргызстан төмөндөдү
6 июнь

Коррупцияны кабыл алуу индексинде Кыргызстан төмөндөдү

Коррупцияны кабыл алуу индексинин (CPI) дүйнөлүк орточо көрсөткүчү 100 баллдын ичинен 42 баллга чейин төмөндөдү. Бул акыркы он жылдан ашуун убакыттагы алгачкы төмөндөө болуп калды. Бул тууралуу Transparency International уюмунун маалыматына таянып Visual Capitalist билдирди.

Индекс өлкөлөрдү 0дөн 100гө чейинки шкала боюнча баалайт. Көрсөткүч канчалык жогору болсо, коррупциянын кабыл алынган деңгээли ошончолук төмөн деп эсептелет. Изилдөөгө ылайык, дүйнөдөгү 182 өлкөнүн 122си 50 баллдан төмөн көрсөткүчкө ээ болуп, ачык-айкындуулук жана башкаруу тармагындагы көйгөйлөр дагы эле сакталып жатканын көрсөттү.

Кыргызстан 26 балл менен 142-орунду ээледи жана дүйнөлүк рейтингдин төмөнкү бөлүгүндө калууда.

Кыргызстан, аймактагы бир катар өлкөлөр сыяктуу эле, дүйнөлүк лидерлерге салыштырмалуу төмөн көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келет. Бул коррупцияга каршы күрөшүү жана мамлекеттик башкаруу институттарын чыңдоо жаатындагы чакырыктар дагы эле актуалдуу экенин айгинелейт.

Постсоветтик өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү:

  • Дания – 89
  • Грузия – 50
  • Армения – 46
  • Молдова – 42
  • Казакстан – 38
  • Украина – 36
  • Беларусь – 31
  • Өзбекстан – 31
  • Азербайжан – 30
  • Кыргызстан – 26
  • Россия – 22
  • Тажикстан – 19
  • Түркмөнстан – 17

CPI боюнча дүйнөдөгү эң мыкты 10 өлкө:

  • Дания – 89
  • Финляндия – 88
  • Сингапур – 84
  • Жаңы Зеландия – 81
  • Норвегия – 81
  • Швеция – 80
  • Швейцария – 80
  • Люксембург – 78
  • Нидерланддар – 78
  • Германия – 77

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, дүйнөлүк орточо көрсөткүчтүн төмөндөшү саясий поляризациянын күчөшү, мамлекеттик институттардын алсыроосу жана мамлекеттик түзүмдөргө болгон ишенимдин азайышы менен байланыштуу. Бул факторлор дүйнө жүзүндө коррупцияны кабыл алуу деңгээлинин начарлашына алып келүүдө.