Быйыл Чүй облусунда 76 чакырым аба чубалгысы жаңыланат
Чүй электр тармактар ишканасыда облустагы жабдууларды оңдоп-түзөө иштерин баштады, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын оңдоп-түзөө иштеринин алкагында облус боюнча 76 чакырым эскилиги жеткен аба чубалгысын жаңы изоляцияланган СИП-2 аба чубалгысына алмаштырылат.
Андан тышкары 1675 даана жыгач мамыларын темир бетон мамыларына которуу иштери жүрөт.
Изоляцияланган СИП-2 аба чубалгылары тартыла турган райондор:
- Ысык-Ата районуна – 14,5 чакырым;
- Аламүдүн районуна – 14,3 чакырым;
- Москва районуна – 13,9 чакырым;
- Панфилов районуна – 12,4 чакырым;
- Сокулук районуна – 8,1 чакырым;
- Чүй районуна – 8 чакырым;
- Кемин районуна – 5,7 чакырым.
Темир бетон тирөөчтөр орнотула турган райондор:
- Москва району – 340 даана;
- Ысык-Ата району – 316 даана;
- Панфилов району – 292 даана;
- Кемин району – 252 даана;
- Аламүдүн району – 197 даана;
- Сокулук району – 187 даана;
- Чүй району – 91 даана.
Бул иштер Чүй облусунун жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.
Маалымат үчүн:
Чүй электр тармактар ишканасы облус боюнча 300 359 кардарды тейлейт. Анын ичинен өндүрүштүк кардарлардын саны – 16 640, турмуштиричилик кардарлардын саны – 283 719.
СИП - аба чубалгылары терс табигый факторлорго туруктуу келет. Катуу шамаалда электр энергиясынын кыскатуташуусуна жана үзгүлтүккө учурашына алып келбейт. Изоляцияланган зымдар кардын топтолушуна, муздун тоңуп калышына азыраак дуушар болот.
