Караколдо жолдун абалына нааразы болгон айдоочулар иш ташташты
Социалдык тармактарда Каракол шаарындагы ондогон маршруттук такси айдоочулары чогулуп, шаардык каттамдарга чыкпай койгондугу тартылган видео тарады.
Ташуучулардын айтымында, акциянын негизги себеби жолдордун канааттандырарлык эмес абалы болгон. Айдоочулар көчөлөрдөгү көптөгөн чуңкурлар жана бузулган жол жабуусу унаалардын бат-баттан бузулушуна алып келип, ташуучуларга да, жүргүнчүлөргө да көйгөй жаратып жатканын белгилешти.
Нааразычылык акциясына катышкандар шаар бийлигинен көчөлөрдү сапаттуу жана өз убагында оңдоону талап кылышууда. Бул талаптар аткарылганга чейин айрым айдоочулар каттамдардагы ишин убактылуу токтотууну чечишкен.
Маршруттук таксилердин чыкпай калышынан улам эртең менен шаар тургундары Каракол ичинде каттоодо кыйналышты.
Жарыяланган учурга карата жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кырдаал боюнча расмий комментарий бере элек.
