Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолуна таш көчкү түшүп, кыймыл убактылуу жабылды
13 май

Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолуна таш көчкү түшүп, кыймыл убактылуу жабылды

Бүгүн, 13-майда саат 15:30 чамасында Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун 241,5 чакырымында таш көчкүсү түшүп, жол убактылуу жабылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жеринде №24 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат.

Ушу тапта инженердик техникалар тартылып, жолду ыкчам тазалоо иштери башталды. Кошумча маалымат берилет.

Министрлик айдоочуларды сак болууга жана унаалардын ортосундагы коопсуз аралыкты сактоого чакырат.