Чүйдө мыйзамсыз газ толтуруучу түйүндөргө каршы кезектеги рейд жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-июнундагы №298 «Суюлтулган көмүр суутек газын колдонгон объекттер үчүн коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомунун талаптарын, ошондой эле Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын 2026-жылдын 17-мартындагы №33-ОД буйругун аткаруу максатында Чүй облусунун Сокулук районунда кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Рейд Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө жарылуу жана өрт чыгуу коркунучу жогору болгон суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу жана автоунааларга, ошондой эле тиричилик газ баллондоруна коопсуздук талаптарын одоно бузуу менен газ куюу фактылары аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпысынан 3 мыйзамсыз соода түйүнү аныкталды. Алардын экөөнө калктуу конуштардын аймагында жайгаштырылган автоцистерналарды коопсуздук талаптарына ылайык аймактан чыгаруу боюнча милдеттүү сунуштар берилди. Бир объект боюнча кошумча документтер талап кылынып, учурда тиешелүү мыйзам чегиндеги чаралар көрүлүүдө.
Рейддин жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, жооптуу жактарга жазуу түрүндөгү эскертүүлөр берилди.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандардын көңүлүн калктуу конуштардын ичинде көчмө автоунаа газ толтуруучу станцияларды жана автоцистерналарды жайгаштырууга мыйзам тарабынан тыюу салынганына бурат. Өзгөчө жай мезгилинде абанын температурасынын жогору болушу мындай объектилердин кооптуулугун бир нече эсеге күчөтөт. Коопсуздук талаптарынын сакталбашы бир эле учкундан өрт чыгып, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө ири зыян келтирүү коркунучун жаратат.
Мыйзамсыз газ соодасына жана коопсуздук талаптарын бузууга каршы рейддик иш-чаралар өлкө боюнча туруктуу негизде улантылат.
