"Москва көз жашка ишенбейт" тасмасында Катеринанын ролун ойногон актриса Вера Алентова дүйнө салды
Россиянын эл артисти Вера Алентова 83 жаш курагында дүйнө салды, деп билдирет РИА Новости.
Вера Алентова 1942-жылдын 21-февралында Архангельск облусунун Котлас шаарында төрөлгөн. 1965-жылы МХАТтын студия-мектебин аяктап, андан соң Пушкин атындагы театрдын труппасына кабыл алынган. 2009-жылдан тартып ВГИКте актёрдук-режиссёрдук устакананы жетектеп келген.
Актриса эң оболу 1979-жылы тартылган "Москва көз жашка ишенбейт" (Москва слезам не верии) тасмасындагы башкы ролу менен кеңири таанымал болгон.
Ошондой эле ал "Завтра была война" (1987), "Ширли-мырли" (1995), "Зависть богов" (2000), "Бальзаковский возраст, или Все мужики сво…" (2004), "Дорога без конца" (2014) жана башка бир катар кинотасмаларга тартылган.
1992-жылы Вера Алентовага Россиянын эл артисти деген ардактуу наам ыйгарылган.
