Өзгөндө классташын өлтүрүүгө шектелип 23 жаштагы жигит кармалды
2026-жылдын 15-июнь күнү саат 23:30 чамасында, Өзгөн РИИБге 2004-жылы туулган Э.С. аттуу жаран денесинен алган жараатынан улам каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган факт маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Ош ОИИБдин, Өзгөн РИИБдин жетекчилери жана ыкчам-тергөө топтору чыгышкан.
Аталган факт боюнча чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин негизинде (Адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Анда алдын ала алынган маалымат боюнча төмөнкүлөр аныкталган. 2026-жылдын 15-июнь күнү 23:00 чамасында 2003-жылы туулган Т.Р. жана маркум Э.С. аттуу жарандар (классташтар) жолугушуп, сүйлөшүп турган учурда экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, сөз талаша кетишкен. Ошол маалда Т.Р. колундагы учтуу нерсе менен күтүүсүздөн Э.С.нын көкүрөк тушуна 2 жолу сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада Э.С. ооруканага жетпей каза болгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натйжасында кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Т.Р. аттуу жаран кылмыштын изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.
