
Транспорт министрлиги айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга жана жолдо этият болууга чакырат.
Ведомствонун маалыматына караганда, 23-октябрда Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусунда кар жаап, жолдорду тазалоо, инерттик материалдарды чачуу жумуштары жүрүп жатат. Каттам бар.
Ушундай эле кырдаал Өтмөк ашуусунда орун алып, кум себүү иштери аткарылууда. Жол ачык.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.