Массалык иш-чараларга катышпагыла. ТИМ Америкадагы кыргызстандыктарга кайрылды
29 январь

Массалык иш-чараларга катышпагыла. ТИМ Америкадагы кыргызстандыктарга кайрылды

Америка Кошмо Штаттарынын бир катар шаарларында уланып жаткан көчө демонстрацияларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына өз коопсуздугун жогорку деңгээлде сактоону дагы бир ирет чакырат.

Терс кесепеттерге жол бербөө максатында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарын массалык иш-чараларга, демонстрацияларга жана нааразылык акцияларына катышуудан баш тартууну, өздүгүн тастыктоочу документти дайыма алып жүрүүнү жана иммиграция статусунун учурдагы абалын, ошондой эле уруксат берүүчү документтеринин колдонуу мөөнөтүн текшерип турууну сунуштайт.

Зарыл болгон учурда дароо Америка Кошмо Штаттарындагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык жана консулдук мекемелерине кайрылыңыз.

Ыкчам байланыштар:

Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилиги (Вашингтон ш.):
+1 (202) 449-98-22, +1 (202) 256-29-24

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу:
+1 (312) 994-24-16, +1 (312) 929-34-42

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти: +996 999 312 002

Электрондук почта: kgconsulate.washington@mfa.gov.kgkgconsulate.chicago@mfa.gov.kg