www
16 март
Депутат Гүлсүнкан Жунушалиева мандатын тапшырды
Бүгүн, 16-марттагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнанын ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.
КР Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиеванын ырастамасы жараксыз деп таанылат.
Г.И. Жунушалиева № 29 көп мандаттуу шайлоо округунан КР Жогорку Кеңешинин депутаттагына шайланган.
