Бишкектин айрым жерлеринде 19-мартта убактылуу суу өчүрүлөт
www
16 март

Бишкектин айрым жерлеринде 19-мартта убактылуу суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 19-мартта саат 10:00дөн 18:00гө чейин убактылуу суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Өчүрүү аймагы:
•темир жол тилкеси- М. Фрунзе көчөсү-Аламүдүн суусу- Панфилов көчөсү;
•темир жол тилкеси- Матросов көчөсү- Горький көчөсү- Гвардейский туюк көчөсү – Бектенов көчөсү- Скрябин көчөсү - Мавлянов көчөсү -  7-апрель көчөсү.

”Көк-Жар” суу топтомосунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу берүү токтотулат.

"Бишкексууканал" МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.