Марлен Маматалиев менен Казакстандын элчиси өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты талкуулашты
Жогорку Кеңеш
16 март

Марлен Маматалиев менен Казакстандын элчиси өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты талкуулашты

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Элчи менен эки өлкө ортосундагы алакалар тууралуу пикир алмашкан төрага кызматташтыкты тереңдетүү жаатында жасалып жаткан иштер боюнча маалымат алды.

Кыргызстан эзелтен эриш-аркак жашаган боордош эки калктын байланышын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын билдирген Марлен Маматалиев:

«Айрыкча соңку жылдары эки өлкө башчыларынын аракети менен жакын коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелер алдыга жылып, бардык тармактар боюнча байкалууда. Андыктан, Жогорку Кеңеш дагы парламенттик дипломатия аркылуу жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга жана калыптанган кызматташтыкты улантууга кызыкдарбыз», – деди.

Ошону менен катар кечээ күнү Казакстан Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча уюштурулган референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктаган төрага аталган саясий өнөктүккө Жогорку Кеңештин депутаттары да байкоо салганын баса белгиледи.

Мындан тышкары, парламенттер ортосундагы байланыштарды КМШ ПАА, ЖККУ ПА, ТүркПА өңдүү эл аралык аянтчалардын алкагында да өнүктүрүү маселесине токтолгон Марлен Маматалиев өткөн жылы эки өлкөнүн Парламенттер аралык кеңешинин III жыйыны Астана шаарында ийгиликтүү өткөнүн эске салды. 

«Быйыл Кыргызстан кезектеги биргелешкен жыйынды өткөрүүнү мерчемдеп жатабыз. Ошондой эле күздө ТүркПАнын жыйыны да бизде уюштурулат. Андыктан, аталган иш-чаралардын алкагында да кыргыз-казак кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча олуттуу жыйынтыктарга жетишебиз деген ишеничтемин», – деди Марлен Маматалиев. 

Ал эми Рапиль Жошыбаев элчи катары жасап жаткан иштери тууралуу кеңири маалымат берип, дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жаткан Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирди. 

Ошондой эле соода-логистикалык маселелерди чечүү, чек арадагы өткөрмө жайларынын ишин жакшыртуу жаатындагы аракеттер тууралуу да кеп кылган элчи аталган тармакта ишке ашырылып жаткан долбоорлорго токтолду.