Кыргызстан-Оман: Дипломаттар жана кызматтык паспорт ээлери визадан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2025-жылдын 25-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Оман Султанатынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, атайын жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты 2025-жылдын 25-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета менен Оман Султанатынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык, атайын жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы тарабынан аткаруу болуп саналат.
Макулдашууда жарандар – Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери жана Оман Султанатынын дипломаттык, кызматтык жана атайын паспортторунун ээлери Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагына кирүү, чыгуу жана транзит менен өтүү үчүн визалык талаптардан 180 күндүк мезгилдин ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө бошотула тургандыгы каралган.
Макулдашууну ратификациялоо иштиктүү мобилдүүлүктү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана жарандардын – дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлеринин Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында жүрүүсүн жеңилдетет.
