Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБдин иши менен таанышты
23 октябрь

Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБдин иши менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) барып, энергетика объектисинин иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин билдиришти. 

Минкаб төрагасы борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, энергетика министри Таалайбек Ибраев жана тиешелүү мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү менен бирге ЖЭБдин бир катар объектилерин текшерди.

Белгилей кетсек, ТВЕА компаниясы эки блокту капиталдык оңдоодон өткөрдү.  

Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБи – өлкөнүн маанилүү энергетикалык объектилеринин бири экенин, борбор калаанын олуттуу бөлүгүн электр жана жылуулук менен камсыздап жатканын белгилеп, ЖЭБдин объекттеринин иштешин, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан ремонт иштерине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.  

Тиешелүү түзүмдөр менен болгон жолугушууда башка актуалдуу маселелер, анын ичинде Бишкек шаарындагы турак жайларды, социалдык жана башка объектилерди жылуулук тармактарына кошуунун жүрүшү талкууланды.