Эмнеге парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлөт? Бекешевдин пикири
ЖК депутаты Дастан Бекешев эмнеге парламент мөөнөтүнөн мурда таркатылып, ушул жылдын ноябрь айында жаңы шайлоо болоору тууралуу пикирин билдирди.
Ал бул тууралуу “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүндө айтты.
Белгилегендей, парламенттин мөөнөтүнөн мурда таркатылышы өткөн жылы эле белгилүү болгон.
“Менимче, биринчи себеби – президенттик жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүнүн айырмасы өтө кыска, каражат көп кетет деген негиз болушу мүмкүн. Чынында бул маселе 2025-жылдын бюджети талкууланып жатканда эле маалым болгон. БШКнын бюджети бир топ көбөйтүлүп, ага жабдыктар сатып алынат, шайлоого даярдык көрүлөт деп түшүндүрүлгөн. Мен ошондо суроо бергем, шайлоо 2026-жылы болот да, эмнеге шашылып жатабыз деген. Жооп болгон эмес. Андан улам шайлоо 2025-жылы болоорун түшүнүп калганбыз”, – деди депутат.
Айтымында, экинчи себеп – шайлоо мыйзамдарынын өзгөртүлүшү болушу мүмкүн.
“Өлкө 30 округга бөлүндү, бардык талапкер округдардан чыгаары белгиленди. Мындан улам балким, фракциялар, депутаттык топтор өзүбүзчө шайланып келебиз да деген ой менен иштебей коюшу мүмкүн деген ойлор жаралды. Эми күтө турсак, 5-6 күндө эмнеге шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлөт деген суроого расмий жооп берилет”, – деди Бекешев.
