10 февраль
Дачный айылында 12-февралда убактылуу суу өчүрүлөт
Дачный айылында 12-февралда саат 10:00дөн 16:00гө чейин суу өчүрүлөт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Суунун өчүрүлүшү Дачный айылындагы «Дачный» суу кампасында авариялык-оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
«Бишкексууканал» МИси ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
