Чүй облусунда тергөөчүгө пара берүүгө аракет кылган аял кармалды
19 май

Чүй облусунда тергөөчүгө пара берүүгө аракет кылган аял кармалды

17-май күнү Аламүдүн райондук ИИБдин тергөө кызматына М.Н.аттуу жаран "Бейбаштык" фактысы боюнча арыз менен кайрылып, Г. аттуу жаранды коркутуу суранып, жана ошондой эле өзүнүн пайдасына чечим чыгарып берүүнү билдирип, ошол эле күнү саат 16:20 чамасында М.Н. тергөөчүнүн электрондук капчыгына мобилдик тиркеме аркылуу акча каражатын которгон.

Тергөөчү бул факт боюнча өз убагында жетекчиликке билдирип, которулган акча каражаты пара берүү катары бааланып, Чүй облусунун ИИББне катталган.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Процессуалдык кодексинин 345-беренесинин (Пара берүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жана Аламүдүн райондук ИИБдин кызматкерлери тарабынан 1989-жылы туулган М.Н. аттуу жаран кармалган.

Учурда тергөө амалдары уланууда, тергөө иштеринин жыйынтыгы менен М.Н. атуу жарандын аракетине карата мыйзам чегинде юридикалык баа берилет.