Мамашова: Саламаттыкты сактоо министрлиги ансыз да аз адистердин штатын кыскартты
19 май

Мамашова: Саламаттыкты сактоо министрлиги ансыз да аз адистердин штатын кыскартты

Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Саламаттыкты сактоо министрлиги Үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы логопеддердин ставкасын жокко чыгарганын билдирди.

«Ансыз да өлкөдө логопеддер аздык кылат, бирок штатты көбөйтүүнүн ордуна кыскартып салышты.

Нарында ата-энелер балдарын облустук ооруканага, логопедке алып кетишиптир. Бирок ал жердеги логопед кыскартууга дуушар болгондуктан, балдарды үйүндө кабыл алууда. Болгондо да акысыз. Анын да үй-бүлөсү бар, айлык акы алышы керек. Логопеддердин ставкасын кыскартууну ким чечти? Өлкөдө мындай адистер таңкыс, а Саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп жаткандардын баарын кетирип жиберди.

Мага жарым жылдан бери ишсиз отурган бир нече логопед кайрылды», – деген депутат министрликке бул маселени жеткиргенин, бирок жыйынтык болбой жатканын белгиледи.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары министрлик логопеддерге болгон суроо-талапты эске алып, аларды кыскартууга болгон чечимди кайра карап чыгаарын билдирди.