Бишкекте эт саткан фудтрактардын саны 100гө чейин көбөйтүлөт – 1 кг эттин баасы 680 сом
Бишкекте фудтрактардын санын 100гө чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Учурда көчмө соода түйүндөрүндө сөөгү менен эттин 1 килограммы 680 сомдон сатылууда.
Келечекте фудтрактардагы азыктардын түрүн кеңейтүү пландалууда. Анда эттен тышкары социалдык мааниге ээ азык-түлүктөр да сатылат.
Бишкекте фудтрактар төмөнкү даректерде иштеп жатат:
-
Аламүдүн-1, Сагынбай Манасчы көчөсү, 7/1 – чыгыш тарабындагы унаа токтотуучу жай;
-
Көк-Жар кичирайону, 3/1 – унаа токтотуучу жай;
-
7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши – «Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы;
-
Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилиши – «Берекет Универсал» базарынын батыш тарабындагы унаа токтотуучу жай;
-
Тунгуч кичирайону – «Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы;
-
«Ортосай» базары – «Оберон» унаа токтотуучу жайы;
-
Гагарин жана Космическая көчөлөрүнүн кесилиши – «Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы;
-
Ленин көчөсү, 135;
-
Төмөнкү Жал кичирайону, Тыналиев көчөсү – «Глобус» гипермаркетинин унаа токтотуучу жайы;
-
Москва жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши.
