Кыргызстанда сегиз айда инвестициялар 1,6 эсеге өстү
2026-жылдын январь-август айларында Кыргызстанда негизги капиталга 281 млрд 784,3 млн сом инвестиция багытталды.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, инвестициялардын көлөмү 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу салыштырма баада 1,6 эсеге көбөйгөн.
Август айында эле 43 млрд 467,3 млн сом өздөштүрүлүп, өткөн жылдын август айына салыштырмалуу 1,8 эсеге өскөн.
Инвестициялардын негизги бөлүгүн ички булактар камсыздап, алардын көлөмү 235 млрд 112 млн сомду же жалпы инвестициялардын 83,4%ын түзгөн.
Ал эми тышкы булактардан 46 млрд 672,3 млн сом тартылып, жалпы көлөмдүн 16,6%ын түздү.
