ИИМ башчысы жыл аягына чейин өлкөдөгү видеокамералардын санын 20 миңге жеткирүүнү тапшырды
КР ИИМ
29 сентябрь

ИИМ башчысы жыл аягына чейин өлкөдөгү видеокамералардын санын 20 миңге жеткирүүнү тапшырды

2026-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбековдун төрагалыгы алдында онлайн форматта аппараттык кеңешме өттү.

Ага министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары, ички иштер органдарынын жетекчилери катышты.

Кеңешмеде 9 айды ийгиликтүү жабуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар, коомдук тартипти сактоо, анын ичинде жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча маселелер каралды.

Министр Улан Ниязбеков жетишкендиктер менен катар айрым багыттардагы кемчиликтерге токтолуп, аларды тез арада жоюу боюнча жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.

“Эң башкысы-өлкөбүздүн ички коопсуздугун бекемдеп, элибиздин бейпил жашоосун камсыз кылуу. Бул багытта “Санарип милиция” системасын өнүктүрүп, заманбап технологияларды кеңири колдонуу менен иш алып баруубуз зарыл. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 10 миңден ашуун видео-камера иштеп жатат. Жыл аягына чейин алардын санын 20 миңге жеткирүү милдети турат”,-деди министр.

Ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыздоодо “Коопсуз өлкө” долбоорунун маанилүүлүгү белгиленип, санариптик технологияларды жана заманбап техникалык каражаттарды мындан ары да кеңири киргизүү боюнча милдеттер коюлду.

Кеңешмеде кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук жайларда укук бузуулардын алдын алуу, жол кырсыктарын азайтуу, үй-бүлөлүк зомбулукка жана жаш өспүрүмдөргө байланышкан кылмыштарга бөгөт коюу боюнча алдын алуу иштерди күчөтүү тапшырылды.

Өзгөчө көңүл балдардын коопсуздугуна бурулду. Учурда өлкө боюнча 660 орто мектепте «дүрбөлөң баскычы» иштеп жатканы белгиленип, мындай системаны бардык мектептерге жайылтуу жана жыл аягына чейин тиешелүү иштерди жүргүзүү керектиги эскертилди.

Мындан тышкары, жаштар арасында баңгизаттардын, радикалдык жана экстремисттик идеологиялардын жайылышына жол бербөө, билим берүү мекемелеринде алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Кеңешменин соңунда Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча коюлган милдеттерди так жана сапаттуу аткарууну, жарандар менен иштөөдө кесипкөйлүктү жана жоопкерчиликти жогорулатууну тапшырды.