Жалал-Абад: мамлекеттик тил эрежелери сактабаган көрнөк-жарнактар алынууда
12 сентябрь

Жалал-Абад: мамлекеттик тил эрежелери сактабаган көрнөк-жарнактар алынууда

11-сентябрда Жалал-Абад шаарында мамлекеттик тил эрежелерин сактабаган ишкерлерге айып пул салынды.

Мэриянын тийиштүү кызматтардан түзүлгөн комиссия курамы калаадагы тил эрежелери сакталбаган көрнөк-жарнактарга кезектеги рейдин уюштурду. Анда Т.Байзаков проспектисиндеги соода түйүндөрү текшерилип, мамлекеттик тил мыйзамына каршы келген көрнөк-жарнактарды алуу боюнча ээлерине эскертүүлөр берилди. Ошондой эле буга чейин эскертүү берилген ишкерлерге 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы "Мамлекеттик тил жөнүндө" Конституциялык Мыйзамына ылайык, маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жазылуусу зарыл.