
Айдоочулардын эсине! Гоголь көчөсү убактылуу эки тараптуу болот
Бүгүн, 18-сентябрь саат 16:00дөн тарта Сүйүмбаев көчөсүндөгү жолду капиталдык оңдоо иштери аяктаганга чейин Гоголь көчөсү Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки тилкеси автотранспорт каражаттарынын кыймылы үчүн эки тараптуу болот.
Мэринын маалыматына караганда, учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадасы кошумча жол белгилерин орнотуу иштерин жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, Сүйүмбаев көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки тилкеде капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.