Ош: Ак-Бууранын жээгине 10 гектардан ашуун жерге сейил бак курулат
Ош мэриясы
5 март

Ош: Ак-Бууранын жээгине 10 гектардан ашуун жерге сейил бак курулат

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев 4-мартта тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен Ак-Буура дарыясынын жээгине рейд жүргүздү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Рейддин жүрүшүндө калаа башчысы дарыянын эки жээгин комплекстүү өнүктүрүү боюнча маанилүү тапшырмаларды берди. Анын алкагында 7 чакырым веложол жана тротуар куруу, ошондой эле 10 гектардан ашуун аймакты көрктөндүрүп, жашылдандырып, заманбап парк жана скверлерди куруу боюнча тапшырмаларды берди.

Аталган долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртууга, айлана-чөйрөнүн көркүн арттырууга жана жарандар үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталат.