Кыргызстан Иран-Израиль жаңжалынын курчуп баратканына терең тынчсыздануусун билдирет
2025-жылдын 21-июнунда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин "Өзгөрүп жаткан дүйнөдө ИКУ" урааны астында өтүп жаткан 51-сессиясында сөз сүйлөдү.
Министр Ж.Кулубаев өз сөзүндө Кыргыз Республикасы мусулман мамлекеттеринин экономикалык, социалдык, маданий, илимий жана башка тармактарда кызматташтыгын чыңдоого багытталган ИКУнун бардык фундаменталдык принциптерин жана максаттарын бекем карманарын баса белгиледи.
Ошондой эле Иран-Израиль жаңжалынын курчуп баратканына жана Газа тилкесинде болуп жаткан кайгылуу окуяларга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын терең тынчсыздануусун билдирип, ал жаңжалдар аймактык коопсуздукка жана бүтүндөй эл аралык туруктуулукка өтө терс таасирин тийгизерин белгилдеди. Буга байланыштуу ал кырдаалдын курчушуна жол бербөө боюнча биргелешкен күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи жана жаңжалды жалаң тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүү, ошондой эле Жакынкы Чыгыш регионунда бекем тынчтыкты орнотуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого чакырды.
Сессиянын катышуучуларына Кыргыз Республикасы чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн каражаты катары диалогду жактай турганын жана ар кандай чыр-чатак эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин, биринчи кезекте БУУнун Уставынын негизинде сүйлөшүү үстүндө саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечилиши керек экендигине бекем ишенээрин кайталады.
Министр Ж.Кулубаев Кыргызстан аймактык кызматташтыкты чыңдоого салым кошууга, кызматташуунун жаңы эффективдүү форматтарын табууга жана ошол эле учурда эки тараптуу жана көп тараптуу форматта түрдүү глобалдык таасир борборлору менен активдүү өз ара аракеттенүүгө ниеттенип жаткандыгын баса белгиледи.
