Эмомали Рахмон 12-мартта мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет
11 март

Эмомали Рахмон 12-мартта мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 12-мартта мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Маалыматты президенттин администрациясынан тастыкташты.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, ага байланыштуу 12-13-мартта Бишкек шаары жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. 

Чектөөлөр Кыргызстанга Тажикстандын президенти мамлекеттик иш сапары менен келгендигине байланыштуу киргизилмекчи.

Төмөнкү көчөлөрдө чектөө киргизилет:

  • «Манас» эл аралык аэропортунун жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
  • Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;
  • Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
  • Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
  • «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.

ЖКККББ бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унааларды калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар менен зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырат.