Бишкекте 4 миңден ашуун жаран иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турат
Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгында бүгүнкү күндө 4 445 жаран каттоодо турат. Бул тууралуу башкармалыктын кесиптик багыт берүү бөлүмүнүн башчысы Асель Иманалиева билдирди.
Анын айтымында, жумушка орноштуруу кызматтын ишиндеги башкы багыттардын бири бойдон калууда.
«Отчеттук мезгилде 2 915 жаран жумушка орноштурулду. Биз иш берүүчүлөр менен тыгыз кызматташып, бош орундарды аныктайбыз, ошондой эле вакансиялар жана кесиптер жарманкесин өткөрөбүз», – деди Иманалиева.
Кийинки жарманке 2025-жылдын 2-октябрында Гапар Айтиев атындагы сүрөт искусствосу музейинин фойесинде өтөт. Анда 100дөн ашык иш берүүчү катышып, мектеп окуучуларына жана студенттерге кесиптик багыт берүү боюнча кеңештер уюштурулат.
Иманалиева белгилегендей, кесиптик багыт берүү – жумуш менен камсыз кылуунун негизги чараларынын бири. Башкармалык мектеп окуучуларына тестирлөө өткөрүп, ийгиликтүү адамдар менен жолугушууларды уюштуруп келет.
Ошондой эле кесиптик окууга өзгөчө көңүл бурулууда.
2025-жылы 1 433 адам кыска мөөнөттүү курстарга жөнөтүлгөн, алардын 78% жакыны жумушка орношкон. Окуу 1ден 3 айга чейин созулуп, профлицейлерде жана окутуу борборлорунда өткөрүлөт. Курстар транспорт, курулуш, IT, бухгалтерия, сулуулук индустриясы, тил жана компьютер багыттарын камтыйт.
Быйыл Бишкекте жаңы долбоор – «Жаштар стажировкасы» ишке киргизилди. Ага 548 киши катышып, алардын ичинен 190ы жумушка орношкон.
Адистердин айтымында, эң көп талап кылынган кесиптер – саламаттык сактоо, билим берүү, тигүүчүлүк, транспорт жана IT тармактарында.
