Камчыбек Ташиевди кызматка алып келе турган планым жок — президент
Сүрөт ачык булактардан алынды
14 август

Камчыбек Ташиевди кызматка алып келе турган планым жок — президент

Президент Садыр Жапаров УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев жакындарын көзөмөлдөй албай калгандыктан кызматтан алынганын айтты.

Мамлекет башчысы анын андан башка да кемчиликтери бар экендигин билдирди.

"Дос бойдон кала беребиз. Аны кызматка алып келе турган планым жок. Ал эс алышы керек. Балким өткөн-кеткенге саресеп салып, кетирген каталарын түшүнөр деп ойлойм", - деди ал.

Президент өз сөзүндө Камчыбек Ташиевди жалаң гана ката кетирди дегенден алысытыгын кыйытты. 

"Эмгеги бар, аны эл деле көрүп турат. Берилген тапшырманы тездик менен аткарчу. Акыркы эки жылдан бери ага эл арасында ар кандай сөз жүрүп жатканын какшап айтып жатканмын", - деди президент.

Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин президент аны менен 1-2 жолу жолуккандыгын айтты.

"Кемчиликтерин айттым. Мен жакындарыма ишенип, ката кетириптирмин деп, күнөөсүн мойнуна алды", - деди Садыр Жапаров.