Россияда түштүк азиялык мигранттардын саны өсүшү мүмкүн
Алдыңкы жылдары Россияга Вьетнам, Непал жана Бангладештен эмгек мигранттарынын агымы өсөт. Бул тууралуу Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Сергей Катырин билдирди.
Анын айтымында, бул өлкөлөр узак мөөнөттүү келишимдерди камсыздай турган демографиялык потенциалга ээ.
Салттуу жумушчу күчүнүн булагы болгон Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан өз ордун сактап калганы менен, алардын ресурсу чектелүү. Себеби бул өлкөлөрдүн жарандарына Түркия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү да жигердүү суроо-талап көрсөтүп жатат. Орто Азиядан келген мигранттар Россияда негизинен патенттик система аркылуу иштешсе, Вьетнам, Непал жана Бангладештен келгендер виза менен жумушка орношот. Бул үчүн расмий чакыруу жана белгилүү мөөнөткө документтерди расмий жол менен тариздөө талап кылынат.
Катырин белгилегендей, жаңы миграциялык агымдар курулуш жана кызмат көрсөтүү тармагындагы жумушчу күчүнүн тартыштыгын жабууга жардам берет. Бирок ошол эле учурда социалдык адаптация, тил үйрөтүү жана эмгек шарттарын көзөмөлдөө боюнча кошумча маселелерди жаратат.
Соода-өнөр жай палатасынын божомолуна ылайык, Индиядан жана Түштүк-Чыгыш Азиядан эмгек мигранттарынын саны 2026-жылы да өсөт. Бул орус бизнесине келишимдерди аткарууга жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда өлкө ичинде автоматташтырууну күчөтүү жана жергиликтүү кадрлардын квалификациясын жогорулатуу маселеси күн тартибине коюлат.
