Алагөзов: Бишкектин мэри кызматынан алынды деген маалымат жалган
Социалдык тармактарда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматынан алынды деген маалымат тарап жатат.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул маалымат чындыкка дал келбестигин расмий билдирди.
"Ошону менен бирге коомчулукка да кайрылгым келет. Ири шаарлардын жетекчилери, министрлер жана башка кызмат адамдары Президенттик шайлоо өткөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантышат. Алардын ишинде олуттуу кемчиликтер же мыйзам бузуулар аныкталган шартта гана өзгөчө учур болушу мүмкүн.
Бул убакка чейин эч кандай кадрдык алмашуулар, анын ичинде кызматтан кетүүлөр же дайындоолор пландалган эмес. Мындай ыкма учурдагы команданын ишинде туруктуулукту жана ырааттуулукту сактоого багытталган", - деди ал.
Алагөзов ушуга байланыштуу жарандарды, ЖМК өкүлдөрүн жана социалдык тармактардын колдонуучуларын такталбаган маалыматтарды жана ар кандай ушактарды жайылтуудан карманууга чакырды.
